Аксыда калың жааган кардын айынан турак үйлөрдүн 500гө жакын шифери жараксыз болуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Синоптиктердин айтымында, жылдык нормага салыштырганда Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондорунда 3-4-февралда тынбай жааган кардын калыңдыгы 70 сантиметрден ашкан.
Анын кесепетинен 20га жакын турак үйдүн жана эки орто мектептин жалпысынан 473 даана шифери жараксыз абалга келди. Адамдар жабыркаган эмес.
Ала-Букада Ак-Там айылындагы бир тургундун мал сарайынын чатыры ураган, мал жандыктарына зыян тийген жок. (RK)