Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

Соттолгондугу жоюлбаган адам айыл өкмөттүккө ат салышууда

Жалал-Абад
Жалал-Абад

Жалал-Абаддын Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчылыгына мурда соттолгон адам талапкер болуп катталды. Бул тууралуу “Адилет ЮГ” укук коргоо уюмунун жетекчиси Айгүл Нуркамилова “Азаттыкка” билдирди.

- Талапкер Абдыкадыр Жолчиев 2003-жылы Базар-Коргон райондук сотунун чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин "алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлккө зыян келтирүү" жана "документтерди, мөөрлөрдү кол менен жасоо же пайдалануу" беренелеринин негизинде күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок Жолчиев ошол эле жылы мунапыс менен жаза өтөөдөн бошотулган. Соттун аныктамасында ал акталгандыгы көрсөтүлгөн эмес, - деди Нуркамилова.

Бул багытта укук коргоочулар БШКга кайрылуу жолдошту.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын 48-беренесинин талаптары кылмыш иши үчүн мурда соттолуп, бирок соттолгондугу жоюлбаган адамга айыл өкмөт башчысы болууга жол бербейт.

Бул аймакта шайлоо 8-февралга белгиленген жана эки талапкер ат салышууда.

Өткөн аптада Жалал-Абад облусу боюнча 60 айыл өкмөт башчыны шайлоо өтүп, бирок алардын ичинен 8и шайланбай калдган. Алардын катарында Базар-Коргондо да бул жумада кайрадан шайлоо өтөт. (RsK)

XS
SM
MD
LG