Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 17:13

Румын өкмөт башчысы кызматтан кетүүдөн баш тартты


Румын өкмөт башчысы Сорин Гриндяну.

Өкмөттүн айрым коррупциялык аракеттерди криминалдаштыруудан баш тартуу чечими жүз миңдеген румындардын көчөгө чыгып, өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылышына алып келди. "Антена 3" телеканалына берген маегинде өкмөт башчы Сорин Гриндяну кызматтан кетпей турганын, бул маселени парламент чечерин билдирди. Бирок Гриндяну 5-февралда өкмөт жыйынында коомчулуктун нааразычылыгын пайда кылган токтомду жокко чыгарды.

Нааразылык акциясынын алтынчы күнүндө, 5-февралда өлкө боюнча 500 миң киши, анын ичинде Бухарестте 200 миңден көп адам көчөгө чыкты. Өлкө борборунда алар Румыния туусун булгалап, өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Кызматка киришкенине бир ай болгон Гриндяну аларды шайлаган адамдар алдында жооптуу экенин, өлкөнү экиге бөлүүгө бара албасын белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG