АКШ соттору президент Дональд Трамптын жети мусулман өлкө жарандарына виза берүүгө жана качкындарды кабыл алууга чектөө киргизүү жардыгын Конституцияга каршы келет деп токтоткон.
Дональд Трамп 5-февралда соттор Американы “тобокелчиликке” салууда деди. “Соттор өлкөбүздү мына ушундай тобокелчиликке саларына ишенбей турам. Эгерде бирдемке болсо аларды жана сот системасын айыптагыла. Адамдар агылып келип атат. Жаман!” деп Трамп Твиттердеги баракчасына жазды.
Президент ички коопсуздук министрлигине адамдарды өтө кылдат текшерүү менен өлкөгө киргизүүгө тапшырма бергенин кошумчалаган. Президент Трамп 27-январда жардык чыгарып, анда Иран, Ирак, Сирия, Судан, Сомали, Йемен жана Ливия жарандарына 90 күн виза берүүнү токтотууну, качкындарды кабыл алууну 120 күнгө чектөөнү буйруган.
Сиэтл федералдык соту 3-февралда Конституцияга туура келбейт деп, президенттин жардыгын токтотту. Сан-Франциско апелляциялык сот президент тараптын арызын канааттандырган жок. (AiT)