Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:17

Учак кырсыгынан жабыркагандарга 69 млн сом чогулду


Учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам чогултуу максатында ачылган атайын эсепке бүгүнкү күнгө карата 69 миллион сом чогулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

​Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каржы, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын кызматкери Динара Сарбашева топтолгон акча үчүн жооптуу.

Толук маалыматты төмөндөгү телефондорго чалып алса болот:

0312 54 79 01, 0770 95 00 02.

16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына "Боинг-747-400" жүк учагы кулап, 39 адам кайтыш болгон. Анын отуз беши айыл тургундары эле. (RK)

XS
SM
MD
LG