Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:18

Жарандык активист Жолборс Мирзапаязов дүйнө салды


Жолборс Мирзапаязов

Бишкекте белгилүү жарандык активист Жолборс Мирзапаязов 86 жашында дүйнө салды.

Мирзапаязов эгемендиктин алгачкы жылдары пенсионерлердин жана банкка акчасын алдырып койгон жарандардын укугун коргоо менен активдүү алектенген. Анын жардамы менен советтик банктарда акчасын сактап, кийин Союз ураганда каражатын кайра ала албай калгандардын айрымдары акыйкат чечимге жетише алган.

Жалпысынан 2 миллиард сомдун 200 миллиону кайтарылып берилген.

Мындан тышкары Мирзапаязовдун көмөгү менен пенсионерлер иштей ала турган бир нече чакан базар ачылган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG