Казакстан тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Орусия, Иран, Түркия өкүлдөрү Сирияда ок атууну токтотууну көзөмөлдөө механизмдерин талкуулашат. Улуттар Уюмунун жана Иорданиянын өкүлдөрү да Астана жыйынына катышат.
Бул Сирияда согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы. Биринчи айлампа 23-24-январда Астанада өткөн. Анда 6 жылдан бери жүрүп келаткан урушту токтотуунун саясий жолдору табылган эмес, бирок ок атууну токтотуу келишимин биргелешип көзөмөлдөө макулдашылган. (AiT)