Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Шералы Назаркуловдун каза болгонуна 15 жыл болду


Шералы Назаркулов.
Шералы Назаркулов.

Өлкөнүн бүтүндүгү үчүн ачкачылык кармап жатып көз жумган укук коргоочу Шералы Назаркуловду эскерүү митинги бүгүн Бишкекте болот. Иш-чараны Акыйкатчы институту уюштурууда. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз катчысы Апсамат Талантбек уулу “Азаттыкка” кабарлады:

-Митинг-реквием Шералы Назаркулов өмүрүнүн акыркы күндөрү Үзөңгү-Кууштун сатылышына каршы ачкачылык кармап отурган жерде, айыл чарба министрлигинин имаратында болот. Адам укугуна кайдыгер болбогон мекендештерди эскерүү иш чарасына катышууга чакырабыз.

Эскерүү митинг-реквиемге укук коргоочулар, Шералы Назаркуловдун жакындары жана коомдук ишмерлер катышат.

Укук коргоочу Шералы Назаркулов мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлиги учурунда, Үзөнгү-Кууштун Кытайга сатылып кетишине каршы ачкачылык жарыялап, саясий акциянын 22-күнүндө, 2002-жылдын 7-февралында каза болгон. Активдүү атуулдук позициясы үчүн өлгөндөн кийин “Эрдик” медалы менен сыйланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG