Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, райондогу Сатаров орто мектебинин 8-классынын окуучусу мушташтан өлгөн. Милиция иликтөө иштеринде аныктагандай, 3-февраль күнү аталган мектептин эки окуучусу айыл четиндеги талаага барып, мушташып кетишкен. Натыйжада бири экинчисин башына таш менен уруп, ал алган жараатынан жан берген. Бала шеригинин сөөгүн арыкка катып салып, кетип калган. Учурда айыпталып жаткан өспүрүм кармалды.
Айрым маалыматтар боюнча, өлгөн бала айыпталып жаткан өспүрүмдүн телефонун тартып алып, өзүн кодулап жүргөн. Бирок муну ИИМ тастыктаган жок.
Кармалган баланын атасы жок, апасы Орусияда иштейт.(ZKo)