Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургундун короосуна карышкыр кирип, бир адам жабыркады. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, окуя Тоң районунун Калкагар айылында 5-февралдын таңында болгон. Жабыркаган жаран 27 жашта:
- Ит кыңшылап жатканынан эмне болду экен деп сарайга кириптир. Барса ичинде карышкыр бар экен. Карышкыр кол салып, оң бутунан жана сол чыканагынан тиштептир. Ызы-чууну уккан ата-энеси келип, таш менен ургулап карышкырды өлтүрүшүптүр.
Жабыркаган жаран Балыкчы ооруканасынын хирургия бөлүмүндө жатат. Абалы туруктуу.
Карышкырдын кол салуусунан бир нече майда жандык өлдү. (RK)