Бишкекте адамдарды, айрыкча балдарды жашоону баалап, сүйүүгө, ар бир күнгө кубанып жашоого үндөгөн жаңы оюн тарай баштады. Анын демилгечиси, шаардык мэриянын маалымат катчысы Гуля Алмамбетованын “Азаттыкка” айтымында, максат – болушунча көбүрөөк адамдарды тартып, аларга күн сайын жакшы маанай тартуулоо, иштерин, абалын, жаңылыктарын сурап туруу.
- Жылуу сөз ташты деле эритет эмеспи, бала эмес. Мен 10 адамдын милдетин алдым. Ар бирибиз ушунча адамдын, баланын милдетин алып, ага күн сайын жылуу сөздөрдү, жүрөктүн сүрөтүн жөнөтүп турсак көңүл бурула баштайт деп ишенем.
Алмамбетова ар бир жаран өзүнүн тааныштарына телефон же интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу жылуу сөздөр жазылган кыска каттарды жиберип турса жалпы коом үчүн пайдасы чоң болот деп ишенет.
Соңку күндөрү интернет аркылуу тараган “көк кит” сыяктуу оюндар өспүрүмдөр арасында суицидди жайылтууда деген маалымат элди дүрбөлөңгө салды. Мунун айынан акыл-эси токтоло элек балдардын көпчүлүгүндө коркунуч пайда болууда. Адистер мындай көрүнүштү маалымат туура жеткирилбегенинен, дүрбөлөң жок жерден чыгып жатканы менен байланыштырууда. (RK)