Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Диабеттин дарысына бөлүнчү каражат 2010-жылдан бери көбөйө элек


Кыргызстанда кант диабетине чалдыккандарга дары сатып алуу үчүн мамлекет бөлгөн каражаттын жалпы суммасы 2010-жылдан бери көбөйө элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин жыйынында айтылды.

Бул жагдайга токтолгон депутат Альфия Самигуллина кант диабети тууралуу мыйзамдын иштебей жаткандыгына Саламаттыкты сактоо министрлиги айыптуу эмес экенин, зарыл болгон каражаттын толук бөлүнбөй жаткандыгы себеп экенин айтты.

Мыйзамды кайра карап чыгууга туура келет. Маселе глобалдык мүнөзгө ээ болуп жаткандыктан, Саламаттыкты сактоо министрлиги гана эмес, Каржы министрлиги дагы өз милдетин так аткарышы кажет, - деди ал.

Өлкө аймагында кант диабети менен ооруган 50 миңден ашык жаран катталса, алардын 331и балдар. Бирок бул дартка кабылганынан кабары жок жүрө берип, дарыгерлерге кеч кайрылгандар, оорусу өрчүп кеткендер да көп экенин адистер эскертүүдө.

Республикалык эндокринология борборун ачуу маселеси көптөн бери айтылып келатат, бирок чечиле элек.

Өкмөт тармактык комитет берген тапшырманын жыйынтыгы тууралуу маалыматты 3-апрелге чейин даярдоого милдеттендирилди. (RK)

XS
SM
MD
LG