Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:49

Түптө кар көчкү өспүрүм өмүрүн кыйды


Ысык-Көл облусунда кар көчкүдөн өспүрүм бала каза болду. Окуя бүгүн, 7-февралда саат 11:30 чамасында Түп районундагы Санташ айыл аймагына караштуу Кең-Суу айылында болгон. Тоодо кар көчкү жүрүп, бир адамды басып калды.

Тоого мал айдап барган эки өспүрүмдүн бири аман калып, экинчиси, 13 жаштагы бала кар көчкү астында калган.

Айылдын тургундары баланы көчкүнүн алдынан чыгарып, Санташ айылындагы ФАПка жеткиришкен, бирок ал ошол жерден көз жумган.

XS
SM
MD
LG