Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:39

Ташкентте “Манас” рестораны өрттөнүп кетти


“Новости Узбекистана” интернет-маалымат каражатынын кабарлоосу боюнча, Усман Носир көчөсүндө жайгашкан “Манас” ресторанында өрт чыкты. Ташкент убактысы боюнча 7-февралда саат 11:31де өрт чыккан жерге жети өрт өчүрүүчү автоунаа чыгып кетти. Ташкенттеги өрткө күбө болгондор жарылууну укканын айтышкан.

Бирок Ташкенттин Өрт коопсуздугу башкармалыгы ал маалыматты ырастаган эмес. Өрт уланып, аны өчүрүү аракети жүрүүдө. Өрттөн жабыркагандар жок. Анын чыгыш себеби иликтенүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG