Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:54

"Оливье" кафесиндеги ур-токмок үчүн эки милиционер кармалды


Бишкекте кафенин жанынан бир адамдын токмоктолушуна байланыштуу милициянын эки кызматкери кармалды жана иштен алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Анын айтуусунда, кылмышка шектүү катары Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө боюнча 25 жаштагы ыкчам кызматкери жана Бишкек милициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын 26 жаштагы ыкчам кызматкери кармалды. Алар азыр шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды.

- Коомчулук арасында резонанс жараткан бул окуяны териштирүүнү ИИМ жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алган. Күбөлөр тыкыр суракка алынгандан кийин кылмышка шектүү эки кызматкер кармалды, - деди Сейитов.

Бишкектеги “Оливье” кафесинен чыккан эки адам ага кирип бараткан жигитти себепсиз сабаганы тартылган видео 1-февралда интернетке тараган. (RK)

XS
SM
MD
LG