Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:38

Бишкектин "Дордой" футболдук клубу түркмөндөрдүн "Балкан" клубун 2:1 эсебинде утуп алды. Кыргызстандын футбол лигасынын маалыматына караганда, оюн бүгүн, 7-февралда Түркмөнстандын Балканабад шаарында Азия конфедерациясынын 2017-жылдагы кубогунун тандоо оюндарынын алкагында болду.

Буга чейин аталган эки клуб 31-январда Ош шаарында беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгышкан.

Эки оюндун жыйынтыгында бишкектик клуб АФК-2017 кубогунун экинчи квалификациялык раундуна чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Азырынча бишкектиктердин кийинки атаандашы аныктала элек. Тандоо оюндарынын биринчи баскычында беттешкен Хосилот” (Тажикстан) жана “Шахин Асмаи” (Ооганстан) клубдарынын жеңүүчүсү менен "Дордой" оюнчулары 21-, 28-февралда мөөрөй талашат. Алгачкы оюн Бишкекте болот.

Бул тандоо мелдештеринде жеңип чыккан клуб Азия конфедерациясынын кубогунун тайпалык этабына жолдомо алат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG