Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:37

Кореяга кетүү максатында аты-жөнүн корейче өзгөрткөн 20га чукул жаран мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүн шылуундар менен кызматташып, документ жасашат деп айыптап чыгышты. Алар Bishkek Alliance LTD жоопкерчилиги чектелген коому Кореяга виза алып берүүнү убада кылып, аталган мекеме кызматкерлери менен бирге документ даярдап, акысына 3000 доллардан 7 миң долларга чейин алганын, бирок алдап кеткенин айтышууда. Алардын арызынын негизинде Бишкек шаардык милициясы кылмыш ишин козгоду. Бирок, милициянын маалыматы боюнча аталган фирма жабылып, аны иштеткендер качып кеткен.

Аты жөнүн корей ысымына өзгөртүп, бирок чет өлкөгө кете албай алданып калган кыргызстандыктардын саны 100дөн ашуун. Учурда бул адамдардын 16сы гана алдамчы фирманын үстүнөн арызданышкан. Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды мындай шылуундардан сактанууга чакырууда.(NT/ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG