Шейшембиде дээрлик 24 сааттык талкуудан кийинки добуш берүүгө вице-президент Майкл Пенс да катышууга аргасыз болду. Анткени буга чейин мамлекеттик мектептер менен иш тажрыйбасы жок бай аялдын билим берүү тармагын жетектөөсүнө Сенаттагы демократтардын баары жана эки республикачы сенатор да каршы чыгышты. Учурда Сенатта 48 демократ, 52 республикачы бар.
Министрди бекитүүгө вице-президент добуш берүүгө аргасыз болгон учур АКШ тарыхында алгачкы жолу катталды.