Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

Балыкчы-Корумду боюнча маселени парламентте кароо сунушталды


Балыкчы-Корумду автожолунун курулушу боюнча маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралышы керек. Мындай сунушун бүгүн парламентте КСДП партиясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев айтты.

- Үч жумадан бери бул маселени карайбыз деп, улам жылдырылып келатат. Жол курулушунда иштеген жумушчулар үч айдан бери айлык маянасын ала албай нааразылык акцияларын уюштурууда. Министр да эч кандай аракет кылбай жатат, - деди депутат.

2015-жылы Балыкчы-Корумду жолунун узундугу 104 чакырымды түзүп, ага 7 миллиард сом каражат сарпталары айтылган.

Транспорт жана жолдор министрлиги орточо балансты эсептешип алуу үчүн каржылоо убактылуу токтоп турганын билдирген. Курулушту кытайлык “Лонг Хай” компаниясы жүргүзүүдө.

Бул трассага байланыштуу чыккан чырдан улам мурунку премьер-министр Темир Сариев иштен кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG