Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Айрым сайттарга бөгөт коюу сунушталды


Кыргызстанда айрым интернет-булактарына бөгөт коюу сунушталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Кечээ, 7-февралда Башкы прокуратура Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылып, айрым интернет-ресурстарда жарыяланган маалыматты мыйзамсыз жана тыюу салынган деп таануу, ал эми ошол булактарды тосмолоо аркылуу ачылышын чектөө өтүнүчү менен кайрылды.

Мекеменин билдиргенине караганда, интернет-булактар боюнча мониторинг иши уланууда. Максат - өспүрүмдөрдү интернеттеги айрым "зыян маалыматтардын" таасиринен коргоо, маалыматтык коопсуздукту сакттоо.

Мониторингди Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети, Бишкек милициясы, Бишкетин билим берүү башкармалыгы жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумуш тобу жүргүзүүдө.

Кайсы интернет-булактары тууралуу сөз жүрүп жатканы жөнүндө так маалымат берилген жок.

Соңку күндөрү интернет аркылуу тараган “көк кит” сыяктуу оюндар өспүрүмдөр арасында суицидди жайылтууда деген маалымат элди дүрбөлөңгө салды. Мунун айынан акыл-эси токтоло элек балдардын көпчүлүгүндө коркунуч пайда болууда. Адистер мындай көрүнүштү маалымат туура жеткирилбегенинен, дүрбөлөң жок жерден чыгып жатканы менен байланыштырууда. (RK)

XS
SM
MD
LG