Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:26

Соттолбогону тууралуу аныктама алуу жолу өзгөртүлүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда адам соттолгону же соттолбогону тууралуу аныктаманы алуу жолун өзгөртүү сунушталууда. Бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешовдун мыйзам долбоору талкууланып жатат. Ага ылайык, жумуш орношууда мындай аныктаманы жаран өзү эмес, иш берүүчү тарап ИИМге кайрылып ала алат. Ал эми шайлоого катышам деген жаран үчүн аныктаманы БШК алууга укуктуу болот.

Талкууга ИИМ башчысынын орун басары Курсан Асанов катышып, Маалымат борборунан алынчу бул аныктама боюнча тейлөө жолдору жөнөкөйлөтүлүп жатканын айтып берди.

Бирок депутаттар көп сын айтып, айрым облустарда орнотулган терминалдар жакшы иштебей, ал берген аныктаманы иш берүүчүлөр кабыл албай, бул тармакта дагы эле коррупция гүлдөп жатканын айтышты.

Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG