Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Талас облустук сотунун алдында пикет өтүүдө


Таластагы нааразылык. 8-февраль, 2017-жыл
Таластагы нааразылык. 8-февраль, 2017-жыл

Бүгүн Таласта Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын тургундары сотторго ишенбөөчүлүк билдирип, облустук соттун алдына нааразылык акциясына чыкты.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдаганына караганда, 100дөй адам колуна «Акыйкат сот болсун!», «Чындык керек» деген жазууларды алып, соттордун ишин сынга алды.

Аталган айылдын тургундары буга чейин бир үй-бүлөнүн кысымына кабылганын айтып чыккан. Тагыраагы, айылдаштар Султаналиевдердин үй-бүлө мүчөлөрүн «жерибизди мыйзамыз тартып алды, балдарды себепсиз токмоктоду» деп айыптап келет.

Натыйжада, бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, бирок шектүү жаран үй камагына чыгарылганына нааразы болгон айылдыктар сотторго нааразы болуп жатат.

Бирок облустук ички иштер башкармалыгы кайсы берене боюнча кылмыш иш козголгонун айтуудан баш тартты. Мунун себебин мекеме жетекчиси Ильяс Касымбаев ооруп жатканы менен байланыштырды. (AlS)

XS
SM
MD
LG