Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Депутат Момбеков: ИИМге түшкөн миллиондордун эсеби чыкпай жатат


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеңеш депутаты Рыскелди Момбеков ИИМден соттолбогону тууралуу аныктама алуу үчүн жарандар төлөгөн акчанын жалпы суммасы кемитилип көрсөтүлүүдө деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламент жыйынында айтты:

- 101 миң 356 адам 170 сомдон төлөсө, банкка төлөнүүчү 10 сомду эсептебегенде, 17 миллион 230 миң сом болот. А сиздер 10 миллион сом түштү деп айтып жатасыздар. 7 миллиондун дайыны жок болуп жатпайбы?!, - деди депутат.

Бирок жыйынга катышып жаткан ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бул төлөмдөр банк аркылуу кеткендиктен милиция кызматкерлеринин чөнтөгүнө түшпөсүн, балким, депутаттарга берилген маалымат туура эмес болушу ыктымалдыгын айтты.

Бүгүн парламентте соттолбогону тууралуу аныктаманы ИИМден алуу жолун өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланды. Демилгечилер мындай документти ишке орношуп жаткан адам эмес, иш берүүчү түздөн-түз ИИМге кайрылып алып алса болот деген норманы киргизүүдө.

ИИМ өкүлү бул жаатта коррупцияны жоюу максатында чаралар көрүлүп жатканын айтты, бирок депутаттар жарандар тааныш аркылуу акча берип ишин бүтүрүп алууга мажбур болгон учурлар көп экенин белгилөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG