Ушу тапта Жогорку Кеңеште "Ата Мекенден" депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иш боюнча депутаттык комиссия түзүү-түзбөө, бул маселени күн тартибине киргизүүнүн тегерегинде кызуу талкуу жүрүп жатат.
Эртең менен жалпы жыйында "атамекенчи" депутат Алмамбет Шыкмаматов бул маселени күн тартибине киргизүү сунушун айткан. Бирок так жооп болбогонуна байланыштуу ал бул суроону кайрадан койду. Парламенттик аппараттын юридикалык бөлүмү берген аныктаманын негизинде комиссияны түзбөй коюу туура эмес экенин айтты. Шыкмаматовдун бул айткандарын башка бир топ депутаттар да колдоду. (RK)