Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Трамптын иммиграция жардыгы АКШнын апелляциялык сотунда каралууда


Президент Дональд Трамп иммиграциялык жардыгынын максатын АКШга "чет элдик террорчулардын" кирүүсүн алдын алуу деп түшүндүргөн.
Президент Дональд Трамп иммиграциялык жардыгынын максатын АКШга "чет элдик террорчулардын" кирүүсүн алдын алуу деп түшүндүргөн.

Сан-Франциско шаарындагы апелляциялык сотто шейшемби күнкү угуу учурунда юстиция министрлигинин федералдык өкмөттүн атынан келген өкүлүнө катаал суроолор берилип, ал АКШга чет өлкөлүктөрдүн кирүү тартибин аныктоо президенттин мыйзамдуу укугу экенин, президентке мындай укукту Конгресс да бергенине токтолду.

Президент Дональд Трамтын жети мусулман өлкөсүнүн жарандарынын АКШга кирүүсүн убактылуу чектеген жардыгы 27-январда кол коюлгандан бир аптадан кийин кайра убактылуу күчүн жоготкон.

Бул Сиэтл шаарындагы соттун чечиминен улам болду. Сотко болсо Миннесота жана Вашингтон штаттары президент жардыгынын конституциялуулугунан күмөн санап кайрылышкан. Өкмөт мына ошол Сиэтл сотунун чечимин апелляцияга берген.

Апелляциялык сот өз бүтүмүн ушул апта ичинде чыгарат деп күтүлүүдө, бирок иш акыр-аягында Жогорку сотко чейин жетиш мүмкүндүгү айтылып жатат.(UE)

XS
SM
MD
LG