Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Улгайган жарандардын үйүн алдап тартып алгандардын иши сотко өттү


Иллюстрация
Иллюстрация

Улгайган жарандардын үйүн алдап тартып алган деп шектелгендердин иши сотко өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, 2016-жылдын жай айларында төрт кишини алдап, үйүн өздөрүнө ыйгарып алган кылмыш тобу колго түшүрүлгөн. Кылмышка шектүү беш кишинин иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү.

Төрт окуянын биринде шылуундар Аламүдүн районунда жашаган 65 жаштагы жаранды алдап, үйүн тартып алып, Нарынга айдап жиберишкен. Ал мал багып жүрүп каза болгон. Жалгыз уулун эч бир документи жок Казакстанга кетирип жиберип кутулушкан.

Укук коргоочулардын айтымында, көпчүлүк учурда шылуундар жалгыз бой жашагандарды бутага алып, алардын каржалып тургандыгынан пайдаланышат. Мындан тышкары өздөрүн соцкызматкер катары тааныштырып кирип, жарандарды тоноп кеткен учурлар бар. Адистер мындай көрүнүштөрдү алдын алуу максатында пенсионерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG