Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Украина чыгышында жикчилдердин колбашчысы мерт болду


Михаил Толстых же "Гиви" куралдуу тобу менен. 2015-жылы тартылган сүрөт.
Михаил Толстых же "Гиви" куралдуу тобу менен. 2015-жылы тартылган сүрөт.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу алган маалыматтарга караганда, “Гиви” деген каймана ат менен белгилүү Михаил Толстых бүгүн таңда кеңсесиндеги жардыруудан мерт болду.

Донецктин жикчил жетекчилери өз билдирүүсүндө бул окуяны “Киевдеги бийликтер баштаган террордук согуштун уландысы” катары сыпатташты.

"Гиви” орусиячыл жикчилдердин куралдуу күчтөрүндө "Сомали" деген батальонду башкарчы жана Донецк шаарынын аэропорту үчүн уруштарда таанылган.

Жикчилдердин дагы бир колбашчысы “Моторола” деген каймана ат менен белгилүү Арсений Павлов былтыр октябрда, Донецкте көп кабаттуу үйдүн ичиндеги лифте болгон жардыруудан мерт болгон эле.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрелинде тутанган куралдуу кагылыштардан андан бери 9700дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG