Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:53

Сирия өкмөтү аскерий түрмөдөгү кыргынды четке какты


Сайедная түрмөсүнүн спутниктен тартылган сүрөтү.
Сайедная түрмөсүнүн спутниктен тартылган сүрөтү.

Расмий Дамаск акыркы төрт жыл ичинде борбордогу аскердик түрмөдө 13 миңдей адамдын өмүрү кыйылган деген маалыматтарды “кызылдай калп” деп атады.

Юстиция министрлигинин бүгүн мамлекеттик маалымдоо каражаттары тараткан билдирүүсүндө мындай билдирүүлөр Сирия өкмөтүнүн дүйнөлүк аренадагы беделине көө жабуу үчүн атайлап таратылып жатканы айтылган.

Билдирүүдө ошондой эле Сирияда өлүм жазасы бир нече этаптан турган сот жараяндары жана укуктук процедуралардан кийин гана ишке ашырылат деп ырасталат.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Эл аралык Мунапыс уюму 7-февралда жарыяланган баяндамасында Дамаскинин Сайедная түрмөсүндө 2011-жылдын сентябрынан 2015-жылдын декабрына чейин ар аптада 20дан 50ге чейинки сандагы адам дарга асылганын, алардын көпчүлүгү оппозиция колдоочулары, жайкын тургундар экени көргөзүлгөн. Даргага асылгандар 5 миңден 13 миңге чейин жетери маалымдалган.

Баяндамада жазылгандай, Сириянын аскер түрмөсүндөгү дарга асуулар аскердик соттордун бир нече мүнөткө созулган отурумдарынан кийин ишке ашырылган.

Эл аралык Мунапыс мындай көрүнүш Сирияда азыр да уланып жатышы мүмкүндүгүн, бул согуш кылмыштарына жатарын белгилейт. (UE)

XS
SM
MD
LG