8-февралда Чаткал чек ара бекетинде күзөт мөөнөтүн өтөп жаткан 26 жаштагы кызматкер өзүн жаман сезип, айылдык дарыгерге кайрылган. Ак-Таш айлынын фельдшери чек арачынын кан басымы көтөрүлүп кеткенин аныктап, тиешелүү медициналык жардамдын негизинде кан басымын калыбына келтирген.
Андан кийин айылдык ооруканага жеткирилген чек арачы бир нече сааттан кийин эс-учун жоготуп, ошол бойдон көз жумган.
Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, аскер кызматкерине алдын ала диагноз коюлган эмес. Маркумдун сөөгүн туугандары алып кетишти. Маалыматта айтылгандай, алар сөөккө соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө макул болбой, Мамлекеттик чек ара кызматына доосу жоктугун билдиришкен.(ZKo)