Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Ооганстанда Кызыл чырымдын алты кызматкери мерт болду


Бул тууралуу Эл аралык Кызыл чырым комитети өзү билдирди. Окуя Ооганстандын түндүгүндөгү Жаузжан провинциясында болду.

Провинциянын полиция башчысы Рахматулла Туркистанинин айтымында, эл аралык кайрымдуулук уюмунун кызматкерлерине кол салуу провинция борбору Шибиргандан 35 чакырымдай алыстыкта жасалган.

Кызыл чырымчыларга кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. "Талибан" буга тиешеси бардыгын төгүндөдү.

Бирок провинциянын полиция башчысынын айтымында, бул аймакта “Ислам мамлекети” тобуна жан тарткан согушкерлер бар. (UE)

XS
SM
MD
LG