Киров шаарындагы райондук сот оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бир эле иш боюнча ушуну менен экинчи ирет күнөөлүү деп тапты жана мурдагыга эле окшош өкүм чыгарды.
Навальный өзү өкүм окулгандан кийин аны "Кремлдин телеграмасы" деп атап, буларга токтолду:
-Бул өкүмдү биз тааныбайбыз, ал жокко чыгарылат. Конститутцияга ылайык шайлоого катышууга толук укугум бар жана мен муну жасайм. Орусияны нормалдуу, чынчыл, коррупцияланбаган мамлекет катары көргүсү келген адамдардын кызыкчылыгын коргоону уланта берем.
Беш жылга шарттуу кесүү менен катар Навальныйга 500 миң рубль айып дагы салынды.
Навальный менен кошо соттолуп жаткан Петр Офицеров да төрт жылга шарттуу кесилип, ага да 500 миң рубль өлчөмүндө айып салынды.
Алар мамлекет карамагындагы “Кировлес” ишканасынан акча уурдаган деп айыпталышкан.
Айыпкерлердин экөөсү тең күнөөсү жок экендиктерин билдирген. Навальный анын соттолуп жатышынын саясий жүйөсү бардыгына, бийлик аны 2018-жылдагы президенттик шайлоого катыштырбоону көздөп жатканын белгилеген.
Былтыр Орусиянын Жогорку соту Адам укуктары боюнча Европа сотунун бүтүмүнөн кийин Навальныйды 2013-жылы беш жылга шартуу кескен баштапкы өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн эле.
Соттолгондор Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрадан кайрыла тургандыктарын билдиришүүдө.
Алексей Навальный, 2011-2012-жылдардагы нааразылык акциялардын лидери болгон.
Андан бери президент Путиндин айлана-чөйрөсүнүн коррупцияга малынганын күбөлөндүргөн бир нече баяндамаларды да чыгарды.
2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын былтыр декабрда жарыялаган. (UE)