Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Ооганстанда Кызыл чырым кызматкерлерине ИМ кол салган


Ооганстан.
Ооганстан.

Эл аралык Кызыл чырым комитетинин алты кызматкери бүгүн Ооганстандын түндүгүндөгү Жаузжан провинциясында өлтүрүлгөн.

Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек, бирок жергиликтүү бийликтер муну “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринен көрүүдө:

- Гуманитардык кызматкерлер бул аймакка дыйкандарга тоют таратуу үчүн келишкен. Тилекке каршы, алар келер замат “Даиштин” (“Ислам мамлекети” тобу) согушкерлери алтоон атып өлтүрүшүп, экөөн уурдап кетишкен”,- деди провинция губернатору Маулави Лутфулла Азизи “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна.

Провинциянын полиция башчысы Рахматулла Туркистанинин айтымында, эл аралык кайрымдуулук уюмунун ооганстандык кызматкерлерине кол салуу провинция борбору Шибиргандан 35 чакырымдай алыстыкта жасалган.

Кызыл Чырымдын президенти Петер Маурэр бул кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгилеп, каза болгон кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтуусун билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG