Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:30

Оппозиционерлердин сотунда жарыш сөз уланат


Оппозиция тарапкерлеринин нааразылык акциясы.
Оппозиция тарапкерлеринин нааразылык акциясы.

Бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен соттолуп жаткан оппозициялык саясатчылардын соту жабык жүрүүдө. Өткөн соттук териштирүүдө айыптоочу тарап саясатчыларды 12 жылдан 22 жылга чейин эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн. Прокуратура Дастан Сарыгулов 12, Бектур Асанов 15, Кубанычбек Кадыров 16, Эрнест Карыбеков 22 жыл түрмөдө отурушу керек деп эсептейт.

Соттолуучулар бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен өткөн жылы май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кармалып, камакка алынган. Кийинчерээк Дастан Сарыгулов саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Оппозиция тарапкерлери жана камалгандар өздөрү бийликтин кысымына кабылып жатышканын айтып келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG