Сенаттын айрым мүчөлөрүнөн турган топ президент Трамптын администрациясына муну ишке ашыруусуна жол бербөөчү мыйзам долбоорун киргизүүнү сунуштоодо. Муну эки партиянын тең өкүлдөрү колдоп жатканы айтылууда. Сенатор-демократ Бен Кардин жана республикачылардын өкүлү Линсдей Грэхем жаңы мыйзамды колдогон топко кирет. Мыйзам долбооруна ылайык, конгресс катаал көзөмөлгө ээ болуп, эгер Ак үй Орусиядан санкцияларды алууга аракеттенсе, ага вето коюу укугуна ээ болот.
Дональд Трамп эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө Орусия менен мамилесин жакшыртуу ниетин бир нече жолу билдирген.
Анын администрация мүчөлөрү Украинадагы кырдаал боюнча Орусия менен окшош, бирок АКШнын мурдагы бийлигинин көз карашына каршылаш пикирин айтышкан.
Орусия тарабынан Крым аннексияланган соң, АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Орусияга экономикалык санкция киргизген.