Сан-Франциско шаарындагы федералдык сот 7-февралда Ак үйдүн адвокаттарынын жүйөөсүн укту. Адвокаттар Сиэтл шаарындагы федералдык соттун чечимин жокко чыгарууну өтүнүшкөн.
Апелляциялык сот өз бүтүмүн ушул апта ичинде чыгарат деп күтүлүүдө, бирок иш акыр-аягында Жогорку сотко чейин жетиш мүмкүндүгү айтылууда.
Трамптын жардыгына ылайык Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемен жарандарынын АКШга кирүүсү 90 күнгө текшерүүнүн жаңы эрежелери иштелип чыкканга чейин токтотулмак.
АКШ ошондой эле 120 күнгө качкындарды кабыл алууну, ал эми сириялык качкындарды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө токтотмок.