Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:04

GM Uzbekistan туунду ишканасы Орусия базарынан кеткен америкалык General Motors компаниясынын ордун ээлеши ыктымал. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Айрым маалыматтар боюнча GM Uzbekistan Черкескидеги Derways заводу менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Тараптар заводдун кубаттуулугуна жараша автоунаа чогултууну талкуулап, Ravon унаасын курап чыгууну сүйлөшкөн. Азырынча чечим чыга элек.

General Motors компаниясы өзбек бренди менен кайтып келсе, америкалыктардын нейтралдуу макамы сакталат. Бул анын Орусия базарында туруктуу орун алышына мүмкүнчүлүк түзө алат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG