Ооганстандагы кызматкерлери өлтүрүлгөндөн кийин Кызыл Чырым уюму бул өлкөдөгү ишин токтотту.
8-февралда өлкөнүн түндүгүндөгү Жаузжан провинциясында калың кардын камагында калган тургундарга жардам жеткирип жүргөн уюмдун алты кызматкерин өлтүрүп кетишкен. Дайынсыз жоголгон дагы экөө уурдалышы мүмкүндүгү болжолдонууда.
Жаузжандын губернатору аларга өзүн “Ислам мамлекети” атаган террор тобу кол салды деди.
Кызыл чырымдын жетекчилеринин бири Доминик Штилхарт Ооганстан уюм көбүрөөк көмөк көрсөткөн өлкөлөрдүн төртүнчү сабында экенин айтты. Кол салуу тууралуу аңдап-иликтегиче ишмердиктерин токтото турушарын кошумчалады.
- Ооганстандагы гуманитардын акыбал абдан начар. Биз бүтүндөй өлкөгө жардамын тарата алчу аз эле уюмдардын бирибиз. Ошондуктан Ооганстандагы ишмердигибизди улантуу үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз, - деди Штилхарт.
Ал окуяны акыркы жыйырма жылдагы уюмга карата эң кандуу чабуул деди.
Акыркы маалыматтарга караганда, Ооганстанда 2 метр кар жаап, анын кесепетинен пайда болгон табият апааттарынан 119 адам мерт болушту.