Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Орусия Беларустун эт-сүтүнө көзөмөл киргизди


Россельхознадзор Беларустун эт-сүт азыктарын чек арасынан өтүп, дүкөнгө жеткенге чейин көзөмөлгө алат.

Мындай чаралар азыктардын сапатына байланыштуу беларус тараптын өтүнүчүнөн кийин кабыл алынды делет мекеменин расмий сайтында. Минск Беларустан кирип жатат делген күмөндүү азыктар Орусиянын өзүндө эле өндүрүлөрүн айтып келген.

Буга чейин Россельхознадзор коңшусунан келген уй жана канаттуулардын этинин, сүттүн санитардык нормасынан кынтык таап, Украина жана Европа азыктарын беларустуку катары киргизип атат деп айыптаган.

Орусия менен Беларус ортодо бажы алымы жоюлган Евразия Экономикалык биримдигине мүчө. Ошол эле учурда Орусия Евробиримдик менен Украинага эмбарго киргизген.

XS
SM
MD
LG