Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Трамп Кытай лидерине кат жазды


Эки өлкөнүн туулары.
Эки өлкөнүн туулары.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Кытай лидери Си Цзиньпинге кат жөнөтүп, мамилелерди өнүктүрүүгө үмүттөнөрүн билдиргенин Ак үйдүн маалымат кызматы кабарлады.

Си Цзиньпин Трамп шайлоодо жеңгенде сүйлөшкөнү менен, расмий ишке киришкенден бери түз байланыша элек болчу.

“Президент Трамп президент Си менен Кошмо Штаттарга да, Кытайга да пайда келтире турган конструктивдүү мамилелерди өнүктүрүүдө кызматташууга үмүттөнөт”, деп АКШ администрациясынан кабарлашты.

Кытай 9-февралда катты алганын, АКШ менен кызматташтыкка зор маани берерин билдирди.

Буга чейин Трамп каржы, экономикалык маселелерде Кытайды сынга алган. Ошондой эле Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аймактар боюнча эки өлкө кайым айтышып келет.

XS
SM
MD
LG