Максим Бакиевге тиешелүү жер тилкесинин сатылышына байланыштуу маселе саясатташып кетти. Мындай көз карашын бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев билдирди.
- Биз өз ишибизди гана аткарганбыз. Менин атаандаштарым бул маселени мага каршы колдонууда. Өкмөт башчы менен жолугуп, позициябызды түшүндүрдүм. Мындан сырткары Башкы прокуратурага кайрылып, бул ишти дыкат карап чыгууну суранам. Президенттик шайлоого даярданып жаткан айрым саясатчылар Мамкаттоонун жетекчилигин алмаштырууну көздөп жатышы ыктымал. Алар бизде шайлоонун жүрүшүн өзгөртчү кнопка бар деп жаңылыш ойлошот.
Бишкек шаарындагы Максим Бакиевге тиешелүү, сатууга тыюу салынган 1,28 гектар жер сатылып кеткен. Бул маселе коомчулукта, парламентте кызуу талкуу жаратып, Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн.
Буга байланыштуу Башкы прокуратура Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотууну өкмөт башчыга сунуш кылууда. (BkA)