Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Пентагон: “Ал-Каиданын” 11 башчысы жок кылынды


"Ал-Каиданын" Сириядагы бөлүгү "Фатех-ал-Шамдын" жоочулары.
"Ал-Каиданын" Сириядагы бөлүгү "Фатех-ал-Шамдын" жоочулары.

Сириядагы америкалык аба соккуларынын натыйжасында “Ал-Каиданын” 11 командири жок кылынды. Бул тууралуу 8-февралда АКШ Коргоо министрлиги кабарлады.

4-февралда өлтүрүлгөн Абу Хани ал-Масри террордук уюмдун маркум лидери Усама бен-Ладен менен да, азыркы лидери Айман ал-Завахири менен да байланышта болгон. Ал 1980-90-жылдары “Ал-Каиданын” Ооганстандагы машыгуу лагерлерин түзүп иштеткен.

Масри “адамдарды азгырып, идеологияны сиңирип, машыктырып, натыйжада миңдеген террорчуларды чыгарган. Алар кийин аймакка жана дүйнөгө тараган” делет мекеменин билдирүүсүндө.

Ал эми калган он "алкаидачы" 3-февралда Идлибге жакын жерде жолугушуу үчүн колдонулган имаратка жасалган чабуулда жок кылынган.

“Бул аба соккулары “Ал-Каиданын" тышкы, АКШга жана биздин дүйнөдөгү кызыкчылыктарыбызга пландаган чабуулдарын үзгүлтүккө учуратат”, деди Пентагондун расмий өкүлү Жефф Дэвис.

XS
SM
MD
LG