Европа биримдиги орусиялык оппозициячыл саясатчы жана антикоррупциялык активист Алексей Навальныйга чыгарылган сот чечимин сынга алды.
Уюмдун тышкы иштер боюнча мекемеси өкүм өлкөдөгү саясий плюрализмди чектейт деп билдирди.
8-февралда Орусиянын Киров шаардык соту Навальный уурулук кылган деп таап, “Кировлес” иши боюнча беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Өкүм 2013-жылы ушул эле иш боюнча башка сот чыгарган чечимге дээрлик окшош чыкты.
Навальный ал натыйжа четке кагылганын белгилеп, мунусу деле ишке ашпасына ишенүүдө.
- Кайталап коеюн, мындай чечимди Европа соту четке каккан. Бул соттун өкүмү да четке кагылат, - деди ал.
Активист өйдөңкү сот инстанцияларына кайрыларын, саясий ишмердүүлүгүн уланта берерин белгиледи. Ошондой эле ал 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниетинен баш тартпасын билдирүүдө.