Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Румын парламенти өкмөткө ишеним артты


Румыниядагы өкмөткө каршы акциялардын бири.
Румыниядагы өкмөткө каршы акциялардын бири.

Дээрлик он күнгө созулган демонстрацияларга карабастан, Румыниянын парламенти өкмөткө ишеним артарын ырастады.

Премьер-министр Сорин Гриндянунун социал-демократтар партиясы парламентте көпчүлүктү түзөт.

Бирок активисттер өкмөт кызматтан кетмейинче, нааразылык акцияларын токтотпойбуз деп көшөрүүдө. Шаршембиде суукка карабай беш миңдей демонстрант баш калаа Бухаресттеги өкмөт үйүнүн алдына чогулушту.

Өкмөттүн айрым коррупциялык иштерди кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу планы румыниялыктарды көчөгө чыгарган. Эл бул план ишке ашса, бийликтеги партиянын жемкорлукка шектелген аткаминерлери жазадан качып кетишет деп кооптонот.

Демонстрация күчөгөн 5-февралда акция катышуучуларынын саны өлкө боюнча 500 миңден ашканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG