Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Камсыздандыруучу Дача СУга кулаган учак үчүн 38 млн доллар төлөөгө даяр


Казакстандык «Евразия» камсыздандыруу компаниясы 16-январда Бишкекте кырсыкка учураган «Боинг-747» учагы үчүн 38 миллион доллар төлөөгө даяр. Учурда окуя боюнча маалымат жана документтер чогултулууда. Бул тууралуу аталган компаниянын сайтында жарыяланды.

«Учактын тобокелдиктери «Евразия» компаниясында кайрадан камсыздандыруудан өткөн болчу. Камсыздандыруу тууралуу билдирүү келип түштү» деп айтылат сайтта жарыяланган маалыматта.

Эгер камсыздоо зарылчылыгы далилдене турган болсо 38 миллион доллар төлөнөт, бирок бул сумма дагы өсүшү ыктымал, себеби Эл аралык авиация комитетинин комиссиясы дагы эле иштеп жатат, териштирүүнүн жыйынтыгы чыгарыла элек.

16-январда “Манас” аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылына жүк ташуучу учак кулап, жыйырмадан ашуун үй талкаланган, 39 киши набыт кеткен.(RK)

XS
SM
MD
LG