Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:38

Назарбаев мунай өндүрүүнү көбөйтүү тапшырмасын берди


Каспийдеги Кашаган кенинин жасалма аралдары.
Каспийдеги Кашаган кенинин жасалма аралдары.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 9-февралда энергетика министри менен жолугушуу учурунда мунай өндүрүүнү жандантуу зарылдыгын билдирди.

“Кашагандан мунай өндүрүү башталды. Тенгиз кенин кеңейтүүнү чечтик. Карачаганактын да маселеси чечилди. Буга байланыштуу мунай өндүрүү жана кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүү керек”, деген Назарбаевдин сөзүн маалымат кызматы таратты.

Ошондой эле президент мунайды кайра иштеткен үч завод жаңыланып жатканын да белгиледи.

Өткөн жылдын декабрында Казакстан мунай өндүрүүнү чектөө боюнча ОПЕК жана ага кирбеген башка карамай чыгарчу өлкөлөрдүн келишимине кошулган. Энергетика министрлигинин маалыматында Казакстан ошондон кийин мунай өндүрүүнү суткасына 20 миң баррелге азайтмак болгон. Келишим ишке ашкандан кийин кара майдын бир баррели 55 долларга көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG