Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:45

AI казак бийлигин соцтармактарга басым көрсөтпөөгө чакырды


Эл аралык Amnesty International (AI) укук коргоо уюму Казакстанда интернеттеги сөз эркиндиги начарлап кеткенин билдирди.

Бул тууралуу уюмдун 9-февралдагы баяндамасында айтылат. Анда 2016-жылдан тарта өлкөдөгү бардык интернет колдонуучулары “улуттук коопсуздук сертификаты” деп аталган түзүлүштү орнотууга тийиш экени белгиленет. "Бул сертификат бийликтин көзөмөлүнө жол ачат" деп айтылат баяндамада.

Өткөн жылдын ноябрында жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аян “араздашууну тутандырган” деген негизде беш жылдан эркинен ажырашкан. Уюм Бокаев менен Аян өкмөткө каршы тынч акциялар тууралуу социалдык түйүндөргө жазганы, өз оюн эркин айтканы үчүн соттолду дейт.

AI казак бийлигин адам укуктарын эркин ишке ашырууга, ой-пикирди эркин айтууга басым көрсөтпөөгө чакырат. Ошондой эле демонстранттарды камоого жол ачат делген Административдик жана Кылмыш кодекстерин өзгөртүүгө чакырат.

XS
SM
MD
LG