Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:41

Лассо: Ассанж элчиликтен чыгарылышы мүмкүн


Ассанж элчиликтин балконунда маалымат жыйын өткөрүүдө

Президенттикке талапкер Гильермо Лассо шайланып калса, Жулиан Ассанждан Эквадордун Лондондогу элчилигинен чыгып кетүүсүн талап кылат. Лассо WikiLeaks негиздөөчүсүн элчиликте багуу өлкө үчүн өтө кымбат болуп жатканын айтты. Бул тууралуу The Guardian гезити кабарлады.

Сурамжылоолорго караганда, оңчул альянстын өкүлү Лассо башкаруучу партиянын өкүлү Ленину Моренодон кийинки орунда келатат. Эквадордо шайлоо 19-февралда өтөт.

Жулиан Ассанж 2012-жылы Эквадордон саясий башпаанек алган, бирок бул өлкөнүн Лондондогу элчилигинде жашап келет. Ассанж элчиликтин короосунан чыгаар замат кармалышы мүмкүн. Ал негиздеген WikiLeaks сайты америкалык мекемелердин сыр документтерин ачыкка чыгарганы үчүн АКШ аны издөөгө алган. Швед бийлиги Ассанжды сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө айыптап, камоого буйрук берген.

XS
SM
MD
LG