Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

Өзбекстанда бир апта "Айкөл Манас" спектакли коюлат


Бишкекте өткөн Өзбекстан маданият күндөрүнөн тартылган сүрөт. 20-февраль, 2014-жыл.
Бишкекте өткөн Өзбекстан маданият күндөрүнөн тартылган сүрөт. 20-февраль, 2014-жыл.

Кыргызстандык маданий ишмерлер соңку 20 жылдан бери алгач ирет Өзбекстанга бир апталык турне жасап жатышат. Оштогу Бабур театрынын артисттери бүгүн, 10-февралда коңшу өлкөгө жөнөп кетишет. Бир апта ичинде Анжиян, Наманган жана Фергана шаарларында “Айкөл Манас” спектаклин тартуулашат.

Топтогу 46 адамдын бардык чыгымдарын өзбек өкмөтү көтөрүп жатканын аталган театрдын директору Набижан Мамажанов “Азаттыкка” билдирди.

2016-жылдын соңунда Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы Ошко сапар жасаган учурда вице-премьер-министр Адахам Икрамов Ташкент Бабур театрына 50 миң доллар жардам берерин айткан.

Оштогу Бабур өзбек драм театрында 160 адам иштейт. Анын 70и чыгармачыл курам. Арасында эки эл артисти, 11 эмгек сиңирген артист. (SE)

XS
SM
MD
LG