Апелляциялык сот Акүй Трамптын иммиграциялык буйругу тез арада күчүнө кирүүсүн шарттоочу далилдерди келтире алган жок деген корутунду чыгарды.
Президент Трамп сот чечимине каршы пикирин билдирип, Твиттердеги баракчасына “Соттук териштирүү уланат. Бул жерде биздин улуттук коопсуздугубуздун тагдыры чечилүүдө” деп жазды.
Апелляциялык соттун чечими боюнча Башкы прокуратура Жогорку Сотко кайрыла алат. Бирок азырынча Жогорку Сот толук курала элек. Анын төрт мүчөсү либералдык көз карашта, төртөө эскичилдер, эгер добуштар тең чыкчу болсо, аймактык апелляциялык соттун чечими күчүндө калат.
Трамптын жардыгына ылайык Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемен жарандарынын АКШга кирүүсү 90 күнгө, текшерүүнүн жаңы эрежелери иштелип чыкканга чейин токтотулмак. АКШ ошондой эле 120 күнгө качкындарды кабыл алууну, ал эми сириялык качкындарды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө токтотмок.