Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Дастан Сарыгуловду коргоо комитети түзүлөт


Оппозицияны жактоочулардын пикети.
Оппозицияны жактоочулардын пикети.

Комитет Таласта Сарыгуловдун туулган жеринде түзүлүп жатканын жарандык активист Айбек Мырза “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, комитеттин жетекчилерин шайлоо 11-февралда болуп, Дастан Сарыгуловго куугунтукту токтотуу талабы менен кайрылуу мамлекеттик жетекчилерге жолдонот:

-Президенттин, Жогорку Кеңеш төрагасынын, Башкы прокурордун жана УКМК төрагасынын атына кайрылуу жиберип, Дастан Сарыгуловду куугунтуктоону токтотулуусун талап кылабыз.

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталып, бир нече ай камакта отурду. Кийинчерээк ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Өткөн аптадагы соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоо аны 12 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Сарыгулов жана аны менен кошо айыпталып жаткандар муну саясий куугунтук катары белгилешүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG